Түркия-Венгрия кызматташтык кеңешинин жыйыны болот

Коммуникация башкармалыгы жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1732165
Түркия-Венгрия кызматташтык кеңешинин жыйыны болот

Түркия-Венгрия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны эртең борбор шаар Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жетекчилигинде өткөрүлөт.

Тиешелүү министрлердин катышуусунда өтө турган Кеңештин жыйынында Түркия менен Венгриянын карым-катнаштары ар тараптан каралат. Учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Коммуникация башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Жыйын биздин стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз Венгрия менен эки тараптуу мамилелерден тышкары НАТО, Европа Биримдиги жана Түрк Кеңеши менен көп тараптуу платформалардагы кызматташуубузду тереңдетүү боюнча биргелешкен эркибиздин ырастоосу болот. Жыйындын негизинде кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай жолугушуулар өткөрүлүп, келишимдерге, протоколдорго кол коюлат»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар