Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк эскерилүүдө

Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 83 жыл толду.

1731778
Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк эскерилүүдө

Бүгүн 10-ноябрь. Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 83 жыл толду.

Түркия, 57 жылдык өмүрүндө улутунун жана мекенинин көз карандысыздыгы үчүн ар бир күрөшүн аскердик жана саясий гениалдуу жеңиши менен даңазалаган, атын түрк жана дүйнө тарыхына алтын тамгалар менен жаздырган лидерин дагы бир жолу сүйүү, урматтоо жана ыраазычылык менен таазим кылып эскерүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган баштаган делегация Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 83 жылдыгына карата Аныткабирге (Ататүрктүн түбөлүктүү жайына) барды.

Президент Эрдоган жана аны коштогон делегация Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюшту, андан кийин бир мүнөттүк унчукпай туруу жана Улуттук гимн аткарылды.

Президент Эрдоган андан соң Мисаки Милли мунарасына барып, Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

Эрдоган китепке буларды жазды:

«Урматтуу Ататүрк, дүйнөдөн кайтышыңыздын 83 жылдыгында дагы бир жолу таазим кылып эскеребиз. Сиздер түптөгөн жана бизге ишенип тапшырган Республикабызды мындан ары да кеңейтип, өнүктүрүп, аны өз аймагынын жана дүйнөнүн жаркыраган жылдызына айландыруудабыз. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук жана өнөр жай баш болгон ар бир тармакта жетишкен тарыхый ийгиликтерибиз менен 2023-жылдагы максаттарыбызга чечкиндүүлүк менен бара жатабыз. Биз өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин максаттарына, асыл элибиздин ынтымагына, тынчтыгына, байыркы баалуулуктарына чыккынчылык кылгандарга эч качан жол бербейбиз. Жаныңыз жаннатта болсун».

Өлкө боюнча да жарандар Ататүрк көз жумган Түркия убактысы боюнча саат 09:05те сиреналардын үнү менен бир мүнөттүк унчукпай эскеришти.

  



Тектеш кабарлар