Шентоп жана Чавушоглу Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Мишри менен жолугушту

Шентоп Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Халид Ел-Мишри жана аны коштогон делегация менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынында жолугушту.

1732179
Шентоп жана Чавушоглу Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Мишри менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Ливияда туруктуу тынчтык, бакубатчылык жана бейпилдик үчүн ливиялыктардын жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жанында болууну уланта турганын айтты.

Шентоп Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Халид Ел-Мишри жана аны коштогон делегация менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынында жолугушту.

Шентоп жолугушууда Түркия менен Ливиянын ортосунда 5 кылымдан бери терең тамырлуу жана өзгөчө карым-катнаштар бар экенин айтты.

Шентоп: «Биздин бекем достук жана бир туугандык байланыштарыбыз күчтү орток тарыхыбыздан алат. Эки тараптуу карым-катнаштарыбыз менен катар парламентарийлерибиздин ортосундагы карым-катнаштарды жакшыртуу аракети уланууда. Түркия-Ливия парламенттер аралык достук тобунун түзүлүшү бул аракеттердин эң конкреттүү көрсөткүчү»,-деп айтты.

«Түркия ушул убакка чейин болгону сыяктуу мындан кийин да муктаж болгон бардык тармакта Ливиянын жана Ливиялык боордошторубуздун жанында болушун улантат. Ушул контекстте бул позицияны улуттук жана эл аралык платформаларда ар дайым билдиргенибизди билдиргим келет»,- деген Шентоп, дос жана боордош Ливияга карай инфраструктурадан билимге, коргонуу жана коопсуздуктан өнүгүүгө чейин ар тармакта кызматташтыктын уланып жатканын баса белгиледи.

Мишри болсо:«Түркия менен бекем карым-катнашыбыз бар. Түркия ар дайым ар кандай кыйынчылыкта биз менен болду. Түркиянын колдоосу биз үчүн абдан баалуу. Ошондуктан биз абдан бактылуубуз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу күн ичинде Халид эл-Мишри менен да жолугушкан.



Тектеш кабарлар