Фатих Дөнмез Мухаммед Аркаб менен жолугушту

Дөнмез Алжирде Аркаб менен жолугушуудан мурда маалымат берди.

1732102
Фатих Дөнмез Мухаммед Аркаб менен жолугушту

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Алжирдин энергетика жана тоо-кен министри Мухаммед Аркаб менен жолугушту.

Дөнмез ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган өлкөнүн борбор шаары Алжирде Аркаб менен жолугушуудан мурда маалымат берди.

Эки өлкөнүн ортосунда инвестиция салына турчу көптөгөн тармактар бар экенин баса белгилеген Дөнмез, бул потенциалдын ишке ашырылышы керектигин айтты.

Министр Дөнмез андан кийин кесиптеши Аркаб менен Алжирдин Энергетика жана тоо-кен министрлигинде жолугушту.



Тектеш кабарлар