Шентоп: «ЕККУ ПА баяндамаларында исламий түшүнүктөрдү терроризмге байланыштырбашы керек»

Шентоп борбор шаар Анкарада ЕККУ ПАнын төрайымы Маргарета Седерфелт менен алгач бетме-бет, андан соң делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

1731631
Шентоп: «ЕККУ ПА баяндамаларында исламий түшүнүктөрдү терроризмге байланыштырбашы керек»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА) тарабынан кабыл алынган кээ бир баяндама жана жыйналыштарда кээ бир исламий түшүнүктөрдүн саясий айтымдар менен терроризмге байланыштырылганына күбө болгондорун белгилеп, ЕККУ ПАнын бул маселелерде жоопкерчиликтүү тилдин колдонулушу темасында аяр мамиле жасоосу керектигин айтты.

Шентоп борбор шаар Анкарада ЕККУ ПАнын төрайымы Маргарета Седерфелт менен алгач бетме-бет, андан соң делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Шентоп Седерфелтти ЕККУ ПАнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

ЕККУ ПА тарабынан даярдалган баяндамаларды жана жактырылган резолюция долбоорлорун жакындан байкашкандарын баса белгилеген Шентоп, жогоруда айтылган изилдөөлөргө салым кошкондорун айтты.

ЕККУ ПА тарабынан кабыл алынган кээ бир баяндамаларында жана жыйналыштарда айтылган сөздөрдө кээ бир исламий түшүнүктөрдүн саясий айтымдар менен терроризмге байланыштырылганына күбө болгондорун баса белгилеген Шентоп: «ЕККУ ПАнын бул маселелерде жоопкерчиликтүү тилдин колдонулушу темасында аяр мамиле жасоосу керектигин ойлоодомун. Болбосо коомдорубузга жана жамааттар аралык мамилелерге коркунуч туудурган күчөгөн исламофобия колдоого алынган болот»,-деди.

Демократиялардын жана коомдордун душманы болгон террордук топторду жактырбоодо эл аралык коомчулуктун дагы кылдат болушу керектигин баса белгилеген Шентоп:«Өлкөбүзгө карай кол салууларында миңдеген бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрүн кыйган ПКК жана азыр биз ичинде отурган Парламентибизди дагы бомбалап төңкөрүш жасоого аракет кылган (15-июль 2016) Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу террордук уюмдардын ЕККУ ПА чатыры астында кээ бир парламентарийлер тарабынан колдоого алынганы биздин атуулдарыбызды капа кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар