Эрдоган чек ара бүркүттөрүнө кайрылды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери Вандын Башкале районундагы 6-чек ара бригадасынын командирлигине туу тапшыруу аземине катышты.

1730440
Эрдоган чек ара бүркүттөрүнө кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган чек ара бүркүттөрүнө кайрылып: «Туу ыйыктарыбыздын арасында эң маанилүү орунду ээлеген баалуулук. Мен желекти кандай коргой турганыңарды билем»,-деди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери Вандын Башкале районундагы 6-чек ара бригадасынын командирлигине Туу тапшыруу аземине катышты.

6-Чек ара бригадасынын командирлигинде өткөрүлгөн салтанат туу аянтка алып келинүү менен башталды. Туу аянтчадагы ордун ээлегенден кийин бир мүнөт таазим кылынып, Мамлекеттик гимн ырдалды.

Улуттук коргоо министри Акардын желекти 6-чек ара бригадасынын командири, генерал Илкер Эртугрулга тапшыруусунан кийин президент Эрдоган Мехметчикке телефон аркылуу кайрылды.

Желек тапшыруу аземинин Түрк куралдуу күчтөрүнө пайдалуу болушун каалаган Эрдоган:«Туу биздин ыйыктарыбыздын арасында эң маанилүү орунду ээлеген баалуулук»,-деди.

Желек тапшыруу аземинин маанилүү жана баалуу экенин баса белгилеген президент Эрдоган: «Мындай баалуу аземде бетме-бет келбесек да, үнүбүздү угузууга мүмкүнчүлүк берген Улуттук коргоо министрине, Башкы штабдын башчысына, күч командирлерине Стамбулдан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүмдү жолдойм.Бул азем менен бирге жаңы процесстин, жаңы мезгилдин ал жерде баштала турган болушу да биз үчүн өзгөчө сыймыктануу болуп саналат. Бардык аскерлерибизге ийгилик каалайм. Алла таалам силерди коргосун. Бул туу тапшыруу аземинен кийин да тууну кандай коргой турганыңарды билемин. Бул коргоо окуясынын улутубуз жана армиябыз үчүн пайдалуу болушун тилейм. Силерди көзүңөрдөн өбөм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар