Улуттук коргоо министри Акар Азербайжандын жеңиш майрамына катышты

Бир минуталык эскерүүдөн кийин Түркия жана Азербайжандын улуттук гимндеринин аткарылышы менен башталган аземде сөз сүйлөгөн Акар Азербайжан куралдуу күчтөрүн жеңиши менен куттуктады.

1730155
Улуттук коргоо министри Акар Азербайжандын жеңиш майрамына катышты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : «Азербайжандык бир туугандарым 44 күндө чоң жеңишке жетишти жана өз жерлерин Армениянын оккупациясынан бошотушту.  Мунун акырында түрктүн күчүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүштү. Азербайжан ким, түрк ким экенин баары көрдү»,- деди.

Хулуси Акарды коштогон башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, генерал Муса Авсевер, деңиз күчтөрү командири адмирал Аднан Өзбал, аба күчтөрүнүн командири, генерал Хасан Күчүкакйүз жана улуттук коргоо министринин орун басары Алпарслан Каваклыоглу менен Азербайжандын Анкарадгы элчилиги тарабынан уюштурулган 8 -  Ноябрь жеңишине карата майрамга катышты.

Бир минуталык эскерүүдөн кийин Түркия жана Азербайжандын улуттук гимндеринин аткарылышы менен башталган аземде сөз сүйлөгөн Акар Азербайжан куралдуу күчтөрүн жеңиши менен куттуктады.

Эки өлкөнүн ортосунда достуктан тышкары бир туугандык байланыштардын бар экенин белгилеген Акар кызматташтыктын бардык тармактарда барган сайын уланып жатканын айтты.

Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жана кызматташуунун улантылып жаткандыгын билдирген Акар буларды айтты : «Түрк куралдуу күчтөрү менен Россиянын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен борбордогу иштери  уланууда. Биздин максатыбыз ок атышпоонун үзгүлтүксүз болушу жана мунун акырында аймакка туруктуулуктун келиши. Бул туруктуулук бир гана Азербайжан жана Түркия үчүн эле керек эмес. Эгерде урматтуу Алиевдин жана урматтуу президентибиздин сунган тынчтык колун кабыл ала турган болсо, Армениянын да коопсуздук жана өнүгүү жактан кирешелүү чыгарын көрүп турабыз жана баарынын көрүшүн каалайбыз. Бул тууралуу биздин көз карашыбыз кенен. Керек болсо алтылык жыйындарды өткөрүү менен Кавказиянын коопсуздук жана бейкуттугу үчүн маанилүү кадамдардын таштала аларын баарыбыз билебиз».

Ататүрктүн : «Азербайжандын маселеси биздин маселебиз; кубанычы биздин кубанычыбыз», Гейдер Алиевдин : «Бир улут эки мамлекет»,- деген сөздөрүн эске салган Акар Түркия менен Азербайжандын орток тарыхы, баалуууктары менен кыйынчылыкта жана кубанычта бирге экендигин баса белгиледи. 



Тектеш кабарлар