Грек министри Түркия жана түрк коому менен конструктивдүү диалогду каалаганын билдирди

Афинада словениялык кесиптеши Анзе Логар менен жолуккан Дендиас жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1729136
Грек министри Түркия жана түрк коому менен конструктивдүү диалогду каалаганын билдирди

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас өлкөсүнүн Түркия жана түрк коому менен конструктивдүү диалогду каалаганын билдирди.

Афинада словениялык кесиптеши Анзе Логар менен жолуккан Дендиас жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түркияга байланыштуу абалдар менен бирге Греция менен Словениянын карым-катнаштары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Дендиас, Грециянын Түркияга жана түрк калкына карата эч кандай карасанатай ниети жок экенин жактап: «Греция түрк коому менен диалогду каалайт. Анткени түрк коомунун чоң бөлүгү дагы эле Европа интеграциясын жана башка процессти үмүттөнөт деп ишенет»,-деп айтты.

Грециянын конструктивдүү позицияны карманганын айткан Дендиас, Европа Биримдигинин (ЕБ) да ЕБге мүчө болууну каалаган өлкөлөргө же ЕБ менен жакшы карым-катнаш түзүүнү каалаган өлкөлөргө, эл аралык мыйзамдарды жана европалык актыны урматтоосу керектигин ачык билдирүүсүн сунушташы керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар