Эрдоган: «Кара деңизден жаратылыш газын чыгара баштаганда сүйүнчү кабарын берем»

Президент Эрдоган ишеним грамоталарын тапшырган элчилерди Президенттик комплексте кабыл алгандан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

1728989
Эрдоган: «Кара деңизден жаратылыш газын чыгара баштаганда сүйүнчү кабарын берем»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңизден жаратылыш газын чыгара баштаганда сүйүнчү кабарын бере тургандарын айтты.

Президент Эрдоган ишеним грамоталарын тапшырган элчилерди Президенттик комплексте кабыл алгандан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Өлкөнүн төрт тарабын тең инфраструктура жана суперструктура кызматтары менен камсыз кылгандарын баса белгилеген Эрдоган, бул кызмат жарышынын ар дайым уланып жатканын, бул темадан эч качан тартынбагандарын айтты.

Кызмат жарышын Түркияда гана эмес дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө да уланткандарын баса белгилеген Эрдоган, континенттерди кыдырышкандарын айтты. Африканын 52 өлкөсүн кыдырып, Америка менен Латын Америкасына көп жолу баргандарын баса белгилеп, «Биз кыдырып жүргөндө өлкөбүздүн кабарын тынымсыз алып жүрчүбүз. Бул жерде таанылбаган өлкөбүздү тааныштырдык. Бул таанытуу процесси дагы эле уланууда»,-деди.

Түркиянын энергетика жагынан көптөгөн кыйынчылыктарды жеңгенин баса белгилеген Эрдоган:«Кара деңизден жаратылыш газын казып баштаганыбызда жакшы кабарды берем деп үмүттөнөм, бирок бир аз сабыр кылалы. Жаратылыш газын чыгарсак мамлекеттин эле казынасына түшпөстөн, менин жарандарымдын казынасына да түшөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар