Чавушоглу норвегиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Министр Чавушоглу кесиптеши Хуйтфельдтти жаңы кызматы менен куттуктады.

1728887
Чавушоглу норвегиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Норвегиянын жаңы тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, министр Чавушоглу кесиптеши Хуйтфельдтти жаңы кызматы менен куттуктады.

Эки министр ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштарды, Палестина жана Ооганстан сыяктуу аймактык маселелерди талкуулашты.



Тектеш кабарлар