Эрдоган Римдеги жолугушууларына баа берди

Президент Эрдоган, Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин маалымат жыйынын өткөрүп, саммитке баа берип, суроолорго жооп берди.

1727269
Эрдоган Римдеги жолугушууларына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) террордук уюмдарга курал жагынан колдоо көрсөтүүсү жөнүндө: «Кийинки процесс мындай уланбайт деп ишенем», - деди.

Президент Эрдоган, Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин маалымат жыйынын өткөрүп, саммитке баа берип, суроолорго жооп берди.

Эрдоган саммиттин алкагында АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуусу тууралуу суроого жооп берип: «Сириядагы террордук уюмдар ПКК/ПЙДга АКШдан көрсөтүлгөн колдоолор үчүн өкүнгөнүбүздү билдирдик»,-деп айтып:«Кийинки процесс мындай уланбайт деп ишенем»,-деди.

Байден менен болгон жолугушууда учурдагы F-16ларды модернизациялоо же жаңы F-16ларды берүү темасынын алдыңкы планга чыкканын белгилеген Эрдоган, эки өлкөнүн коргоо министрлеринин процессти байкап жатканын белгиледи. Эрдоган: «Мен Байден мырзанын бул маселеге оң мамилесин көрдүм»,-деп айтты.

15-августта талибдер көзөмөлгө алган Ооганстандан Түркияга болгон миграциянын жаңы толкунуна токтолгон Президент, Түркиянын учурда 3,6 миллиону Сириядагы согуштан качкандар болуп дагы эле 5 миллионго жакын жер которгон кишини багып жатканын эске салып: «Биз өзүбүздүн чараларды көрүп жатабыз, биздин массалык иммиграцияга эшигибизди ачуу ниетибиз жок», - деди.



Тектеш кабарлар