Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтундун Чоң жыйырмалык тууралуу бөлүшүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, Римде уланып жаткан Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине байланыштуу социалдык медиа эсебинен англисче билдирүү бөлүштү.

1727099
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтундун Чоң жыйырмалык тууралуу бөлүшүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин биринчи күнүндө глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн дүйнө лидерлери менен конструктивдүү жолугушууларды өткөргөнүн айтты.

Алтун, Италиянын борбор шаары Римде уланып жаткан Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине байланыштуу социалдык медиа эсебинен англисче билдирүү бөлүштү.

Алтун Эрдоган уланып жаткан коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Түркиянын башка өлкөлөр менен бирге кызматташууга даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Глобалдык экономика кичирейип жатканда түрк экономикасынын акыркы үч чейректе президент Эрдогандын жетекчилигинин астында укмуш өсүшкө жетишкенин эске салып, мындай деди: «Биздин өлкө эпидемия учурунда коммерциялык чектөөлөрдү жана коргоо саясатын колдонуудан качты. Биз 160ка жакын өлкөгө медициналык жабдууларды жана ар кандай жардамдарды жөнөтүү менен бул оор процессте башка элдерге жардам берүүнү уланттык.

Экинчи жагынан, экономикабызды өз нугунда кармап туруу жагынан чоң мааниге ээ болгон эмдөө программабызда олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Түркия эмдөөдө чоң ийгиликтерди гана жаратпастан, жакында жарандарыбызга жеткиликтүү боло турган ата мекендик вакцинаны да иштеп чыкты.

G20 өлкөлөрү эпидемияны токтотуу үчүн иммунизациялоо программалары менен аз өнүккөн өлкөлөргө жардам берүү үчүн көбүрөөк аракет кылышы керек. Президент мырза G20 сыяктуу маанилүү платформаларда глобалдык көйгөйлөргө чечимдерди чыгарууну улантууда жана дүйнөбүздүн көйгөйлөрүн жеңүү үчүн өнүккөн экономикалар менен азыраак өнүккөн өлкөлөрдүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилөөдө».



Тектеш кабарлар