Түркия 2011 - жылдан бери 8 585 чет элдик террористти депортациялады
Сирияда 2011 - жылы башталган жарандык согуштан бери 102 улуттан 8 585 чет элдик террорист Түркиядан чыгарылды.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ПКК/ПЙД жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга кошулуу үчүн өз өлкөсүнөн келген чет элдик террористтерди депортациялоо боюнча иштердин уланып жатканы белгиленди.
Маалыматта Сирияда 2011 - жылы башталган жарандык согуштан бери 102 улуттан 8 585 чет элдик террористтин Түркиядан чыгарылганы баса белгиленди.
Депортацияланган чет элдик террористтердин улуттар боюнча бөлүштүрүлүшү эске алынганда, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө көп сандаган террористтин кайра жөнөтүлгөнү, 2011 - жылдан бери Америка Кошмо Штаттарына 44 жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө 1075 террористтин депортацияланганы тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө 2019 - жылы 12 Европа Биримдиги өлкөсүнөн 126, өткөн жылы 8 Европа Биримдиги өлкөсүнөн 95 террористтин өлкөлөрүнө кайтарылгандыгы белгиленип, бул жылдын 10 айлык мезгилинде 8 Европа Биримдиги өлкөсүөн 61 чет элдик террористтин депортациялангандыгы жарыяланды.
Акыркы үч жылда өз өлкөлөрүнө кайтарылган чет элдик террористтердин улутуна караганда алдыңкы 8 орунда Франция, Германия, Нидерландия, Бельгия, Финляндия, Швеция, Румыния жана Англиянын орун алганы билдирилди.