Эрдоган Италияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Римде дүйнөнүн алдыңкы 20 экономикасынын лидерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити башталды.

1726904
Эрдоган Италияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө
erdogan-leyen.jpg
Roma_g20.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлер саммити үчүн барган Италиянын борбор шаары Римде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Римде дүйнөнүн алдыңкы 20 экономикасынын лидерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити башталды.

Үй-бүлөлүк сүрөткө түшкөндөн кийин лидерлер «Глобалдык экономика жана глобалдык ден-соолук» деген темадагы биринчи жумушчу отурумуна катышты.

Отурумдан кийин эки тараптуу жолугушууларды баштаган Эрдоган, Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенди кабыл алды.

Саммит өткөн Нувола конгресс борборунда жабык эшик артында өткөн жолугушуу 30 мүнөткө созулду. Жыйынга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.

Эрдоган Италиянын премьер-министри Драги жана Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен да өз өзүнчө жолугушту.

Президент Эрдоган, «Жакшыраак калыбына келтирүү үчүн Чакан жана орто өлчөмдөгү ишканалар жана аялдар ээлик кылган ишканаларды колдоо» темасындагы отурумдарга жана иш тамакка да катышат.

Драги өткөргөн маданий иш-чарага катыша турган Эрдоган, Италиянын президенти Серджо Маттарелла тарабынан делегация башчыларынын урматына берилүүчү сый тамакка катышат.



Тектеш кабарлар