Муглада мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Резина кайыктагы 46 мигрант жээкке чыгарылды.

1725373
Муглада  мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мугланын Мармарис районуна жакын жерде резина кайыктагы 46 мыйзамсыз мигрант куткарылды. Жээк коопсуздук командирлигинин топтору ар башка убакта эки башка кайыкта  мыйзамсыз мигранттардын бар экени тууралуу маалымат боюнча аймакка барды. 

Греция тарабынан түрк сууларына түртүлгөн резина кайыктагы 46 мыйзамсыз мигрант жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылып жээкке чыгарылды. Мигранттар облустук миграция башкармалыгына тапшырылды. 

 

 



Тектеш кабарлар