Ирактын түндүгүндө чоң операция

Террордун уясы Картал Тепеде ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү көптөгөн террорист жок кылынды.

1725616
Ирактын түндүгүндө чоң операция

Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагында катуу кагылышуулар болгон, террордун уясы Картал Тепеде ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү көптөгөн террорист жок кылынды. 

Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагында түрк куралдуу күчтөрүнүн 21 -  октябрда баштаган операция улантылууда. Картал Тепе аймагы аскердик учактар жана чек арадагы пушкалар менен атылды. Десанттар, атайын бөлүктөр тик учарлар менен аймакка алып барылды. Аймакты блокадага алган Мехметчик 22 - октябрда кургактык менен алдыга жыла  баштады  жана аймакта катуу кагылышуулар болду.

Өзгөчө туннель түрүндөгү үңкүрдөгү бир группа террорист камалып калды. Аймактын айланасы курчоого алынды. «Багын» чакырыгына ок менен жооп берген көптөгөн террорист жок кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда кача албай тургандарын билген террордук уюмдун көп сандаган мүчөсү багынууга мажбур болду. 

 



Тектеш кабарлар