Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1724817
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай операцияда 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жаракат алды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Чеңгел-чагылган» операциялык аймагында 2021-жылдын 25-октябрында террористтер тарабынан жайгаштырылган колго жасалган жардыргыч заттардын жарылышынын натыйжасында бир баатыр аскерибиз шейит болуп, бир баатыр аскерибиз да жаракат алды жана ал дароо ооруканага жеткирилип дарылануусу башталды»,-делди.