Алтундун элчилер жөнүндө билдирүүсү

Фахреттин Алтун 10 өлкөнүн элчилеринин ишкер Осман Каваланын бошотулушу тууралуу чакырыгынан артка чегинип, Вена конвенциясынын 41-беренесине баш ийе тургандыктарын билдирүүсүнө баа берди.

1725045
Алтундун элчилер жөнүндө билдирүүсү

Президенттиктин Байланыш башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун элчилер маселеси боюнча, «Биздин өкмөт зарыл учурда улуттук эгемендүүлүгүбүзгө эч качан шек келтирбей турганыбызды көрсөтө турган мындан аркы кадамдарды жасоодон да тартынбайт»,-деди.

Фахреттин Алтун 10 өлкөнүн элчилеринин ишкер Осман Каваланын бошотулушу тууралуу чакырыгынан артка чегинип, Вена конвенциясынын 41-беренесине баш ийе тургандыктарын билдирүүсүнө баа берди.

Твиттер баракчасынан «Рахмат Эрдоган» хештеги менен билдирүү жасаган Алтун: «Президентибиз Эрдогандын Түркиядагы 10 элчилик тарабынан жарыяланган кабыл алынгыс билдирүүгө каршы көрсөткөн жетекчилигине ыраазыбыз. Президентибиздин бул сыйы жок билдирүүгө жасаган мамилеси анын улуттук эгемендүүлүгүбүзгө берилгендигинин жана аяр мамилесинин натыйжасы. Түркия ар дайым башка өлкөлөрдүн ички иштерине урмат көрсөткөн жана эч качан эл аралык укук жана салтка ылайык сот процесстерине кийлигишкен эмес. Башка мамлекеттерден, өзгөчө союздаш өлкөлөрдөн, алардын өлкөбүздөгү өкүлдөрүнөн да ушундай нерсени күтөбүз. Биздин Тышкы иштер министрлигибиз бул чет элдик өкүлчүлүктөргө керектүү жоопторду берип, алардын жосунсуз жоруктары тууралуу эскертти. Биздин өкмөт зарыл болгон учурда улуттук эгемендүүлүгүбүзгө эч качан шек келтирбей турганыбызды көрсөтө турган мындан аркы кадамдарды жасоодон да тартынбайт»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар