Эрдоган аялдар менен жолугушту

Президент Эрдоган Эскишехирге болгон сапарында ишкер, дыйкан, студент, спортчу, өнөрпоз жана жумушчу аялдар менен жолугушту.

1724256
Эрдоган аялдар менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин аялдардын билим берүү жана өндүрүш тармагында басып өткөн аралык чындап эле тарыхый ийгиликтин көрүнүшү»,- деди.

Президент Эрдоган Эскишехирге болгон сапарында ишкер, дыйкан, студент, спортчу, өнөрпоз жана жумушчу аялдар менен жолугушту.

Чоң жана күчтүү Түркия кыялдарын, аял жана эркек деп бөлбөcтөн, улуттун бардык мүчөлөрү менен бирге ишке ашырышканын баса белгилеген Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн ар бир көз карашты жана ар бир долбоорду сиздер менен чогуу ишке ашыра тургандай кылып долбоорлоп жатабыз жана ишке ашыруудабыз», - деди.

Түркияда аялдардын өзгөчө билим берүү, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу, саясат жана коомдук жашоодо эң көп ийгиликтерге жетишкенин белгилеген Эрдоган: «Мен муну чечкиндүү түрдө айтып жатам, бардык катмарлардагы аялдарыбыздын өзү, үй-бүлөсү, шаары жана өлкөсү үчүн потенциалын ишке ашырууга мүмкүндүк берген  инфраструктураны биз түздүк, мүмкүнчүлүктөрдү бердик жана тоскоолдуктарды жок кылдык. Өзгөчө билим берүү жана өндүрүш тармагында аялдарыбыз басып өткөн аралык чындап эле тарыхый ийгиликтин көрүнүшү»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар: #Түркияда аялдардын

Тектеш кабарлар