Террордук уюм ПККнын 2 террористи жок кылынды
Бул тууралуу Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги билдирүүсүндө жарыялады.
Хаккариде жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги билдирүүсүндө Чукуржа чек арасынан өлкөгө кирген 2 террористтин J-SİHA (Жандармерия куралдуу учкучсуз учуучу аппарат), жакынкы абадан колдоо жана кургактык операциясы менен жок кылынганын айтты.
Сойлу:"Алар сөздү түшүнүшпөйт экен. Эр болсо (ПККнын лидерлери делген Мурат) Карайылан келсин, чычкандай жашынбасын. Анын да кезеги келет",-деп айтты.
Террордук уюм ПККга каршы чек аранын тышына операциялар уланууда.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында аныкталган ПККга мүчө 3 террористтин абадан жүргүзүлгөн операция менен таасирсиз кылынганы белгиленди.
Билдирүүдө акыркы террорист жок кылынганга чейин операциялардын улана турганы баса белгиленди.