Түркия менен Азербайжан Зенгиландагы аянттарды айыл - чарбага даярдап жатат

Аймактагы бардык долбоорлордо Азербайжанга колдоо көрсөткөн Түркия, алдыңкылык берилген багыттардын бири катары аныкталган агрардык сектордун өнүгүүсүнө колдоо берүүдө.

1723885
Түркия менен Азербайжан Зенгиландагы аянттарды  айыл - чарбага даярдап жатат

Түркия менен Азербайжан армян баскынчылыгынан бошотулган Зангилан облусунда жылдар бою ээн калган жерлерди айыл - чарбага даярдоодо.

Азербайжан оккупациядан бошотулган аймактарда кеңири реконструкция жана өнүктүрүү долбоорлорун жүргүзүүдө. Аймакта жаңы жолдорду, электр станцияларын куруп, талкаланган конуштарды калыбына келтирген Азербайжан өкмөтү айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Аймактагы бардык долбоорлордо Азербайжанга колдоо көрсөткөн Түркия, алдыңкылык берилген багыттардын бири катары аныкталган агрардык сектордун өнүгүүсүнө колдоо берүүдө. Бул алкакта баскынчылардан бошотулган Зангиланда түрк фирмаларынын салымы менен заманбап технологиялар менен айыл - чарба иштери жүргүзүлө турган парк түзүлүүдө.

Үзгүлтүксүз уланып жаткан айыл чарба паркында эгин талаалары, күнөсканалар, мал фермасы, мал союлуучу жай, тоют заводу жана бакчалар болот. Ошондой эле сейил бакта Карабах согушунда шейит болгондордун элесине эстелик, токой аянты жана мечиттин курулушу, кызматкерлер үчүн жатакана жана эс алуучу жайлар курулушу пландалууда.

Парктагы бардык жумуштарды түрк жана азербайжандык инженерлер жана башка кызматкерлер аткарышат.

Зангилан шаарын 27 жылдан кийин 2020 - жылдын 20 - октябрында Азербайжан армиясы армян баскынчылыгынан бошотулган.



Тектеш кабарлар