Эрдоган Түркия - Африка экономика жана бизнес форуму тууралуу билдирди
Президент Р. Т. Эрдоган : «Африкада каалгасы кагылбаган дос, жарасы айыктырылбаган көңүл, кызматташуу түзүлбөгөн өлкөнү калтырбайбыз»,- деди.
Президент Р. Т. Эрдоган : «Африкада каалгасы кагылбаган дос, жарасы айыктырылбаган көңүл, кызматташуу түзүлбөгөн өлкөнү калтырбайбыз»,- деди.
Эрдоган соцтармактан Түркия - Африка экономика жана бизнес форумуна байланыштуу маалымат берди.
Президент Эрдоган маалыматында : «Бүгүн (кечээ) үчүнчүсүн өткөргөн Түркия - Африка экономика жана бизнес форумунун өлкөлөрүбүз үчүн жакшылыктарды алып келет деп үмүттөнөм. Африкада каалгасы кагылбаган дос, жарасы айыктырылбаган көңүл, кызматташуу түзүлбөгөн өлкөнү калтырбайбыз»,- деди.
Маалыматында инфографияга да орун берген Эрдоган өзү да сөз сүйлөгөн Түркия - Африка экономика жана бизнес форумуна 45 өлкөдөн катышуучунун катышкандыгын белгиледи.
Эрдоган Түркиянын дүйнө менен болгон соодасында Африканын үлүшү 6, 5 пайыз экендигин айтты. Форумдун негизинде Африканын эркин соода аймагы инвестиция, инновация, банктык сектор, саламаттыкты сактоо жана аялдын лидерлиги темаларында панелдер өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп : «Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери менен ишкерлерди жолугуштурган Г2Б жыйындары менен менчик сектордун өкүлдөрүн жолугуштурган Б2Б жыйындары өткөрүлдү. «Түркия - Африка өнөктөштүгүн тереңдетүү: соода, инвестиция, технология жана логистика» деген темада министрлер жыйыны өткөрүлдү»,- деди.