Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин суроолорго жооп берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Америка Кошмо Штаттарынан  Ф - 16 согуштук учактарын сатып алуу боюнча техникалык иштердин башталганын билдирди.

1723844
Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин суроолорго жооп берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Америка Кошмо Штаттарынан  Ф - 16 согуштук учактарын сатып алуу боюнча техникалык иштердин башталганын билдирди.

Акар Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлчүлүгүндө журналисттер менен жолугушту.

Акар АКШдан Ф -16 учактарын алуу  үчүн техникалык иштердин башталганын баса белгилеп : «Процессти иликтеп жатабыз. Түркиянын түрк куралдуу күчтөрүнүн күчтөнүүсү НАТОнун коргонуусун да күчтөндүрүү дегенди билдирет»,-деди.

НАТОнун штабында Британия, АКШ, Греция, Испания, Польша, Венгрия, Румыния, Италия, Словения, Латвия жана Болгариянын коргоо министрлери менен өткөргөн кыска жолугушуулар менен коргонуу, коопсуздук тармактарында пикир алышууларда болгондорун айткан Акар : «Бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу алдыбыздагы күндөрдө ишибизди улантабыз»,- деди.

Сириянын Идлиб аймагындагы абалдарга да токтолгон Акар : "Биздин ал жерде болушубуз маанилүү. Ал жерде болушубуз режимдин кыргындарына бөгөт коёт. Бул бөгөт коюу миграция жана радикалдашуу толкунун да токтотот",- деди.

Министр Акар Сириянын акыркы мезгилдерде түндүгүндө болгон ПКК/ЙПГ террордук уюмдун кол салууларына байланыштуу : «Окуяларды жакындан иликтеп жатабыз. Орду жана мезгили келгенде керек болгон нерсе аткарылат»,- деди.

Греция менен Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрде болуп жаткан маселелер боюнча Акар Түркиянын маселелерди жакшы коңшулуктун негизинде диалог жолу менен чечүүнү жактагандыгын кайталады.

Бул темада жолугушууларды улантышарын айткан Акар, Грециянын коргоо министри Николас Панагиотопулос менен НАТОнун штаб  - квартирасында жолугушкандарын эске салды.

Грециянын акыркы мезгилде кирген куралдануу жарышы тууралуу : «Бул Түркияга каршы эмес деп жатышат. Анда кимге каршы»,- деп каршылык көсөттү Акар.



Тектеш кабарлар