Түркиянын «Маариф» фонду Түштүк Суданда мектеп ачат
«Маариф» фонду менен Түштүк Судандын ортосунда макулдашууга жетишилди.
Түркиянын «Маариф» фонду Африка өлкөсү Түштүк Суданда келерки жылы алгачкы билим берүү мекемесин ачат.
Түркиянын Жубадагы элчиси Эрдем Мутаф, Түштүк Судандагы эл аралык мектептин ачылышына байланыштуу «Маариф» фондунун Эфиопия директору Левент Шахин менен биргеликте Борбордук Экватория аймагынын билим берүү министри, турак жай министри, штаттын губернатору, федералдык билим берүү министри жана тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Маариф» фонду менен Түштүк Судандын ортосунда Кожоюн өлкө келишимине кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.
«Маариф» фондунун мектеби 2022-жылы Түштүк Суданда иштей баштайт деп күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"
Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.