Түркия менен Түштүк Кореянын ортосунда эки жаңы келишим

Чавушоглу Сеулда кесиптеши Чунг Эуи Йонг менен делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

1723454
Түркия менен Түштүк Кореянын ортосунда эки жаңы келишим

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чунг Эуи Йонг менен эки жаңы келишимге кол койду.

Чавушоглу ар кандай жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда кесиптеши Чунг Эуи Йонг менен делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жаңыланган кош салык салууга жол бербөө жана Илим жана технология тармагындагы кызматташуу келишимдерине кол коюшту.

Мевлүт Чавушоглу андан соң Түштүк Кореянын премьер-министри Ким Бу Кюм тарабынан кабыл алынды.

Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун түштүк кореялык мурунку баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар