"Эрен-13" операциясында 4 террорист жок кылынды

Террорго каршы операциялар чечкиндүүлүк менен уланып жатат.

1723685
"Эрен-13" операциясында 4 террорист жок кылынды

Сиирттин Эрух районунун элет аймагында "Эрен-13" операциясынын алкагында 4 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, Шырнак Жандармерия аймактык командирлигинин координациясында Эрух айылына операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Сиирт облустук жандармерия командирлигине караштуу Жандармерия командос жана жандармерия атайын операция бөлүктөрү тарабынан учкучсуз учуучу аппараттар жана Аскер аба күчтөрүнүн колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюмга мүчө 4 террористтин таасирсиз кылынганы кабарланды.

Билдирүүдө террорго каршы операциялардын чечкиндүүлүк менен уланып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар