Ливия Түркия менен болгон карым-катнаштардын эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылышын каалайт

Ливиянын Президенттик Кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, Эллафи борбор шаар Триполиде тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолугушту.

1722838
Ливия Түркия менен болгон карым-катнаштардын эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылышын каалайт

Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдуллах Эллафи, Кеңеш Түркия менен өнөктөштүк карым -катнаштарын эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай өнүктүрүүнү каалай турганын айтты.

Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Эллафи борбор шаар Триполиде тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолугушту.

Кеңештин Ливия менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүк карым -катнаштарын кызыкчылыктарына кызмат кылгыдай өнүктүрүүнү каалаганын айткан Эллафи, эки өлкөнү байланыштырган тарыхый байланыштарга жана эки тараптуу мамилелердин тереңдигине токтолуп, Ливия кризисин тынчтык жолу менен чечүүдө Түркиянын ойногон ролун баса белгиледи.

Президенттик жана парламенттик шайлоолордун белгиленген күнү өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Эллафи, шайлоо мыйзамы боюнча мамлекет менен Өкүлдөр палатасынын бир пикирге келүүсү өтө зарыл экенин айтты.

Жолугушууда айрыкча Түркия жана башка көптөгөн өлкөлөр катыша турган Ливиянын туруктуулугун колдоо демилгеси конференциясы баш болгон Ливия менен байланышкан маселелер талкууланды.

Жыйынга катышкан премьер -министр Абдулхамид Дибейбе Түркиянын конференцияга катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, шайлоонун өтүшү кризисти токтотуу жана тынчтык менен стабилдүүлүккө жетүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Ливиянын туруктуулукту колдоо демилгеси конференциясы бүгүн министрлер деңгээлинде эл аралык катышуу менен өтөт.

БУУнун Ливиядагы маселени чечүү боюнча жол картасына ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоо 24 -декабрга белгиленген.



Тектеш кабарлар