Греция аскерлери тарабынан сабалган мигранттар дарыланды

Марокко тектүү 13 мыйзамсыз мигрант Эдирнеде дарыланды.

1723108
Греция аскерлери тарабынан сабалган мигранттар дарыланды

Греция чек ара аскерлери тарабынан сабалгандан кийин мажбурлоо менен Түркияга кайтарылгандыгы айтылган Марокко тектүү 13 мыйзамсыз мигрант Эдирнеде дарыланды. 

Алынган маалыматка караганда Сарыбайыр аймагында сабалган жана чарчаган мыйзамсыз мигранттарды көргөн курулуш жумушчулары абал тууралуу полицияга билдиришти. 

Грецияга өткөндөн кийин кармалып жана грек аскерлери тарабынан сабалып, Мерич дарыясы аркылуу мажбурлоо менен Түркияга өткөндөрүн айткан мыйзамсыз мигранттардын денелеринде таяк издеринин болушу жана айрымдарынын кийимдеринин болбошу көңүлдөрдү бурду. 

Эдирнеде ооруканада дарыланган мыйзамсыз мигранттар Миграция директорлугуна тапшырылды. 

 



Тектеш кабарлар