Эрдоган: «Стамбул финансы борбору менен дүйнөнүн маанилүү борборлорунун бири болгубуз келет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Аймактык финансы конференциясына» видео кайрылуу жөнөттү.

1722944
Эрдоган: «Стамбул финансы борбору менен дүйнөнүн маанилүү борборлорунун бири болгубуз келет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбул финансы борбору менен дүйнөнүн маанилүү борборлорунун бири болгусу келгендерин айтты.

«Аймактык финансы конференциясына» видео кайрылуу жөнөткөн Эрдоган, 2 жылдай убакыттан бери ден-соолук менен бирге экономикалык өлчөмү бар дүйнөлүк кризис менен күрөшүп келе жатканыбызга көңүл бурду.

2020-жылы дүйнөлүк экономика 3,5 пайызга кыскарса, дүйнөлүк соодада 10 пайызга жакын кыскаруу болгонуна көңүл бурган президент Эрдоган, азык-түлүк жана чийки зат бааларынын акыркы 10 жылдын дүйнөлүк рекордун жаңыртканын белгиледи.

Бул процессте Түркиянын эпидемия менен күрөшүүдө да, экономика тармагында да башка ыкманы кабыл алганын айткан Эрдоган: «Эпидемия эң катуу сезилген мезгилдерде да, биз өндүрүш, логистика, жумуш менен камсыздоо жана өнөр жайдагы байланыштарды жабууну чечкен жокпуз./ ... 2020-жылы 1,8 пайыздык өсүү менен Чоң жыйырмалыктын (G20) ичинде эң жогорку өсүү көрсөткүчүнө жетишкен жана өнөр жай өндүрүшүн эң көп көбөйткөн өлкөлөрдүн арасында орун алдык. Биз бул темпти 2021 -жылдын биринчи чейрегинде 7,2 пайызга, экинчи чейрегинде 21,7 пайызга өсүү темпине жетүү менен уланттык. Ошондой эле түрдө экспорт жаатында да рекордго жетишип жылдык эсепте 212 миллиард доллардан аштык. Глобалдык инвестиция эпидемия мезгилинде 35 пайызга азайса, бизде дээрлик эч кандай басаңдоо болгон жок. 2021-жылды 9 пайыздык өсүш менен бүтүрөбүз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Бул ийгиликтер менен катар эл аралык инвесторлордун Түркияга болгон кызыгуусу да артканын белгилеген Эрдоган: «Стамбул финансы борбору менен биз бул жаатта дүйнөдөгү маанилүү борборлордун бири болууга умтулуудабыз. Биз бул долбоордун исламдык каржылоо жагынан да борбор болушун каалайбыз. Буюрса жакында бул боюнча мыйзам чыгаруу иштерин аяктайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын эл аралык инвесторлор үчүн бизнес ачуу жана бизнес мүмкүнчүлүктөрү жагынан абдан жагымдуу мыйзамга ээ экенин белгилеп, инвесторлорду Түркияга чакырды.

 



Тектеш кабарлар