Чавушоглу Түштүк Кореяга барды

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.

1723185
Чавушоглу Түштүк Кореяга барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түштүк Кореянын борбору Сеулга барды.

Министр Чавушоглу Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Президентибиздин Африкага сапарынан кийин Сеулга келдик. Стратегиялык өнөктөшүбүз Түштүк Корея менен күн тартибибизде маанилүү маселелер бар. Азия демилгебиздин негизинде Түштүк Корея жана Азия менен болгон байланыштарыбызды дагы да бекемдеп жатабыз», - деди.

Түштүк Кореянын Naver гезитинин жазуу жүзүндөгү суроолоруна да жооп берген Мевлүт Чавушоглу, Түркия менен Түштүк Кореянын эки тараптуу соодасын туруктуу кылуу үчүн бирге иштеши керектигин белгилеп: «Ушул максатта борбордук банктарыбыздын ортосундагы swap келишиминин негизинде улуттук акча бирдиктерибизди соода карым-катнашыбызда колдоно алабыз»,-деди.

Чавушоглу Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы узак мөөнөттүү жана өзгөчө мамилелерден ыраазы экенин, 2012-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы «стратегиялык өнөктөштүктүн» карым-катнаштарды өнүктүрүүдө натыйжалуу болгонун баса белгиледи.

Түркия менен Түштүк Кореянын Ооганстандан август айындагы эвакуациялар учурунда жана ага чейин эки узак мөөнөттүү бир тууган союздаштар катары ийиндеш турганын эске салган Чавушоглу, андан бери Ооганстанда жаңы саясий реалдуулук орун алганын белгиледи.

Чавушоглу азыр дипломатиялык капиталга инвестиция салуунун жана гуманитардык аракеттерге көңүл буруунун учуру экенин белгилеп: «Бул стратегиялык өлкөдө учурдагы гуманитардык жана экономикалык кризисти этибарга албоо аймактык туруксуздук, мыйзамсыз миграция агымы жана террористтик активдүүлүктүн коркунучун алып келет»,-деди.

Бул үчүн реалдуу түрдө алдыга карай эң жакшы жолдун талибдер менен байланыш түзүү экенин белгилеген Чавушоглу, ушул түшүнүк менен Түркиянын Кабулдагы элчилиги ачык болгонун жана талибдер түзгөн Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эмирхан Муттакинин 14-15-октябрда Анкарада кабыл алынгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар