Жер Ортолук деңизинде 6,1 баллдык жер титирөө катталды
Жер титирөө Түркия, Египет, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Израилде да сезилди.
Грециянын Керпе аралынын жээгинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.32де күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышындагы Керпе аралынын жээгинде болгон жер титирөө Түркия, Египет, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Израилде да сезилди.
Афинанын улуттук обсерваториясынын билдирүүсүндө, жер титирөөнүн Жер Ортолук деңизиндеги Керпе аралынын 127 чакырым түштүк-чыгышында жана жердин 58 километр тереңдигинде катталгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилбегени маалымдалды.
Афина университетинин геология жана табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынан профессор Эфтимиос Леккас аймакта болгон жер титирөөнүн кеңири сейсмикалык таасир тийгизгенин айтты.
Эфтимиос: «Бул күчтүү жер титирөө, ошондуктан кеңири аймакта сезилүүсү кадимки көрүнүш. Цунами же кайталанган жер титирөөнү күтпөйбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.