Фахреттин Алтун TRT World Forum 2021дин ачылышында сөз сүйлөдү

Алтун Түркиянын эл аралык системадагы кыйынчылыктарга жооп берүү үчүн кадам таштагандыгын айтты.

1721926
Фахреттин Алтун TRT World Forum 2021дин ачылышында сөз сүйлөдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун глобалдык маселелердин глобалдык чечимдерди керек кылгандыгына көңүлдөрдү буруп, Түркиянын эл аралык системадагы кыйынчылыктарга жооп берүү үчүн кадам таштагандыгын айтты.

Алтун «Күч жана парадокс: 21 -  кылымда Чоң Стратегияны Түшүнүү» деген темада бул жылы бешинчиси өткөрүлгөн "TRT World Forum 2021ге" видео билдирүү жиберди.

Коронавирус кризисинин суук согуш аяктагандан бери эң жаман мезгилде дүйнөнү каптагандыгын белгилеген Алтун 2020 – жылы дүйнөнүн түрдүү жерлеринде бир топ эл аралык кагылышуунун чечилбестен калгандыгын айтты.

Алтун бул процесстин мамлекеттердин узун мөөнөттүү стратегияларды түзүүсүн жана глобалдык коркутуулар менен күрөшүүнү кыйындатарын белгиледи.

Алтун эл аралык мекемелердин адамзаттык апааттардан глобалдык климаттык алмашууга чейин глобалдык маселелерди эффективдүү чечүү үчүн чукул реформага муктаж экендигин билдирди.

Түркиянын эл аралык системадагы кыйынчылыктарды иликтегендигин жана буларга жооп берүү үчүн кадамдарды таштагандыгын айткан Алтун : «Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жол башчылыгында тышкы саясат стратегиябызды кайра карап чыктык, бул биздин коопсуздугубузга гана эмес, регионалдык жана глобалдык маселелерге да жооп берет.

Жакын чөйрөбүздөгү кагылышуулардын чечилишин тышкы саясатыбыз үчүн маанилүү приоритети кылдык. Түрк тышкы саясатчылары Сирия, Ливия жана Ирактагы кагылышууларды чечүү үчүн түрдүү демилгелерди көтөрүштү.

Өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Азербайжан  -  Армения келишпестиги да болгон бардык кризистерде тиешелүү тараптарды диалог жана конструктивдүү дипломатияга катышууга чакырдык, урматтуу президентибиз өлкөлөргө бул тармактардагы келишпестиктерди сүйлөшүү жана чечүү үчүн эл аралык конференцияларды өткөрүүгө чакырдык»,- деди.

Кризис учурунда супер державалардын лидерлик ролун ойношун күтүүнүн ордуна, максаттарга жетүү үчүн башка элдердин күчүн бириктириши керектигин айткан Алтун, TRT World Forumдагы сөздөр жана талкуулардын да бул максаттарга жетүүгө жардам беришин каалады.



Тектеш кабарлар