Эрдоган: «Эзилгендердин атынан жүргүзүп жаткан күрөштү жогорку деңгээлге көтөрүүгө чечкиндүүбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "TRT World Forum 2021ге" видео билдирүү жөнөттү.

1721876
Эрдоган: «Эзилгендердин атынан жүргүзүп жаткан күрөштү жогорку деңгээлге көтөрүүгө чечкиндүүбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бардык эзилгендердин жана жабыр тарткандардын атынан күрөштү жогорку деңгээлге чыгарууга чечкиндүү экендиктерин айтты.

«TRT World Forum 2021ге» видео билдирүү жөнөткөн Президент, адамзат катары бир топ убакыттан бери экономикалык, социалдык, саясий жана адам ресурстары жагынан чоң саламаттык сактоо кризиси менен күрөшүп келгенин эске салып, бул процессте болгон нерселердин дүйнөдө эч нерсенин мурункудай болбой турганын көрсөткөнүнө көңүл бурду.

Бүткүл адамзаттын келечегине коркунуч туудурган бул кризис шартында дүйнөдө тынчтыкты жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн жооптуу болгон мекемелердин дагы бир жолу ийгиликсиз болгонун эске салган Эрдоган: «Өнүкпөгөн өлкөлөр жана коомдордун жакыр катмары өз тагдырына калтырылды. Соодадагы протекционизм күчөп, жеткирүү чынжырлары үзүлдү. Экономикалык көйгөйлөр менен жек көрүүчүлүк кылмыштары батыш өлкөлөрүндө коркунучтуу масштабга жетти»,-деп айтты.

Эрдоган: «Европалык саясатчылар коомду рак клеткасындай курчап турган исламофобия менен күрөшүүнүн ордуна аны колдонуу, пайдалануу, саясий пайдага айландыруу жана добуш алуу үчүн эсептептерин жүргүзүп жатышат»,- деди.

Дүйнөдө учурдагы системанын көптөн бери адилеттүүлүк жана туруктуулукту жаратпаганына көңүл бурган Эрдоган:«Ислам дүйнөсүнүн сөзү угулбаган, Африка, Латын Америкасы жана Түштүк Азиянын талаптары эске алынбаган, күчтү колунда кармаган беш өлкөнүн кызыкчылыктары гана эске алынган бул система азыркы структурасы менен ишти улантуусу мүмкүн эмес. Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык институттарда реформа жүргүзүү зарылчылыгына мындан ары көңүл бурбай коюуга болбойт»,-деп айтты.

Түркиянын бул реформа муктаждыгын жылдар бою «Дүйнө бештен чоң» деген сүйлөм менен билдирип келгенин эске салган Эрдоган: «Биз бардык эзилгендердин жана жабыр тарткандардын атынан жүргүзүп жаткан бул күрөштү алда канча жогорку деңгээлге көтөрүүгө чечкиндүүбүз»,-деди.

Эрдоган, элдерди борборго койгон, адилеттүүлүктү жана укукту биринчи орунга койгон, күч күчтүү эмес, укук күчтүү болгон дүйнөлүк тартип курулганга дейре күрөштү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар