Чавушоглу ТРТ World Forumга катышты

Чавушоглу онлайн өткөрүлгөн ТРТ World Forumга видео кайрылуу аркылуу катышты.

1721989
Чавушоглу ТРТ World Forumга катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын өзүнүн катуу күчүн бардык альтернативалар түгөнгөндө дипломатияны баштоо үчүн колдонгонун айтып: «Сирия жана Ливияда бар болушубуз бул жерде туруктуулукту камсыздап, мыйзамсыз миграция менен терроризмдин алдын алды жана дипломатияга жол ачты»,-деди.

Чавушоглу онлайн өткөрүлгөн ТРТ World Forumга видео кайрылуу аркылуу катышты.

Быйылкы жылдын темасы болгон "Күч жана парадокс" менен "Чоң стратегиянын" учурдагы темалар менен байланышканын белгилеген Чавушоглу: «Чоң стратегиянын аныктамасы күчтүн бир багытынан, тактап айтканда катуу күчтөн тышкары дипломатиялык, экономикалык жана ал тургай маданий күч сыяктуу башка элементтерди да камтый тургандай түрдө кеңейүүдө»,-деди.

Белгилүү бир күчкө ээ болбостон кээ бир максаттарга жетүү кыйын экенин белгилеген Чавушоглу: «Акыркы 20 жылда арткан улуттук күчүбүз болбогондо, аймактык оюнчу жана глобалдык кадыр-барктуу актер болуу мүмкүн эмес эле»,- деп баа берди.

Чавушоглу Түркиянын күч түшүнүгүнүн катаал күчтү борборго албаганын белгилеп: «Кызматташтык, тилектештик жана адилеттүүлүк - бул биздин инсандыгыбыздын жана цивилизациябыздын ажырагыс бөлүгү. Ата-бабаларыбыз адилеттүүлүк менен башкарып, жүрөктөрдү жана акылдарды жеңип урмат-сыйга ээ болушкан. Андыктан биздин түшүнүгүбүздө күч ырайымдуу, акылдуу жана мыйзамдуу болушу керек»,-деди.

Чавушоглу күч ырайымдуу болушу керек деген сөздү түшүндүрүп: «Сиз канчалык күчтүү болсоңуз ошончолук жоопкерчиликтүү болушуңуз керек. Ушул себептен биз муну гуманитардык деп аныктайбыз. Биз гуманитардык жардам темасында эң чоң болбосо да эң берешен өлкөбүз»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу күчтүн адилеттүү жана мыйзамдуу болушу керектигине да токтолуп, күчтүн чоң максаттарга жетүү үчүн элемент болушу керектигин кошумчалады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында адилеттүү дүйнө чакырыгын салганын белгилеген Чавушоглу: «Бүгүн биз башкалардын азап чегүүсүнө кайдыгер карабайбыз. Адилеттүү дүйнө үчүн иштөө моралдык милдеттенме гана эмес, бул коопсуз жана стабилдүү дүйнө үчүн зарыл нерсе»,-деп баа берди.

Чавушоглу климаттын өзгөрүшү, мыйзамсыз миграция, терроризм жана теңсиздиктин көбөйүшү сыяктуу глобалдык маселелерге жамааттык кийлигишүүнүн зарылдыгын да билдирип, жүктү бөлүшүү жана жоопкерчилик менен иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу TRT World Forumдун ийгиликтүү тышкы саясат үчүн көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусун камсыздоо жагынан маанилүү экенин да кошумчалады.



Тектеш кабарлар