10 элчи Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

АКШ, Германия, Дания, Финляндия, Франция, Нидерландия, Швеция, Канада, Норвегия жана Жаңы Зеландиянын Анкарадагы элчилеринин Министрликке чакыртылганы билдирилди.

1721487
10 элчи Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Борбор шаар Анкарада кызмат кылган 10 элчи, ишкер Осман Кавала сотуна байланыштуу билдирүүлөрүнөн улам Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ, Германия, Дания, Финляндия, Франция, Нидерландия, Швеция, Канада, Норвегия жана Жаңы Зеландиянын Анкарадагы элчилери Осмон Каваланын сотуна байланыштуу билдирүүлөрү үчүн Министрликке чакыртылды.

Элчиликтер социалдык медиа баракчаларынан, Кавалага каршы уланып жаткан соттун Түркиянын демократиясына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө көлөкө түшүргөнүн айтып бул кишини бошотууга чакырышкан болчу.



Тектеш кабарлар