Шентоп Францияга каршылык көрсөттү

Шентоп Франциянын 1961-жылдын 17-октябрында Парижде 300дөн ашуун алжирдик демонстрантты өлтүргөнүн белгиледи.

1720982
Шентоп Францияга каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Франциянын 1961-жылы жүздөгөн алжирдик демонстранттарга кыргын салышынын жылдыгына карата социалдык медиа баракчасынан каршылык билдирүүсүн бөлүштү.

Шентоп Твиттер аркылуу түрк, француз жана араб тилдеринде жазган билдирүүсүндө, Франциянын 1961-жылдын 17-октябрында Парижде 300дөн ашуун алжирдик демонстрантты өлтүргөнүн белгиледи.

Алжир Парламентинин спикери Ибрахим Бугалинин сөздөрүн кайталаганын айткан Шентоп билдирүүсүндө: «Бул кыргындар Франциянын чекесинде уят тагы бойдон калат. Адамзатка каршы кылмыштар жазасыз калтырылбайт», - деди.



Тектеш кабарлар