Президент Эрдоган Анголада

Президент Эрдоганды Луанда Кватро де Феверейро эл аралык аэропортунда Анголанын тышкы иштер министри Тете Антонио жана Түркиянын Луандадагы элчиси Алп Ай тосуп алышты.

1720980
Президент Эрдоган Анголада

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африка сапарынын биринчи аялдамасы Анголанын борбору Луандага келди.

Президент Эрдоганды Луанда Кватро де Феверейро эл аралык аэропортунда Анголанын тышкы иштер министри Тете Антонио жана Түркиянын Луандадагы элчиси Алп Ай тосуп алышты.

Расмий сүйлөшүүлөрүн бүгүн баштай турган президент Эрдоганды Анголанын президенти Жоао Мануэль Гонсалвес Лоренчо Президенттик сарайында расмий азем менен тосуп алат. Эки президент бетме-бет жана делегация жолугушууларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Президент Эрдоган Ангола парламентинде сөз сүйлөп, доктор Антонио Агостиньо Нетонун эстелигин зыярат кылат жана тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEIK) тарабынан уюштурула турган Ангола-Түркия иш форумуна катышат.



Тектеш кабарлар