Түркия ЕБ,Кыргызстан жана 11 өлкө менен Ковид-19 вакцина сертификатын өз ара тааныды

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Ковид-19 эпидемиясынын таасирин жеңүү үчүн эффективдүү дипломатиянын жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, Түркиянын Ковид-19 вакцинасынын сертификаттарын ЕБден тышкары 12 мамлекет менен тааныганын айтты.

1720659
Түркия ЕБ,Кыргызстан жана 11 өлкө менен Ковид-19 вакцина сертификатын өз ара тааныды

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен катар 12 өлкө менен жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) вакцинасынын сертификаттарын өз ара тааныгандыгы кабарланды.

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Ковид-19 эпидемиясынын таасирин жеңүү үчүн эффективдүү дипломатиянын жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, Түркиянын Ковид-19 вакцинасынын сертификаттарын ЕБден тышкары 12 мамлекет менен тааныганын айтты.

Кыран, Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Биз пандемиянын кесепеттерин тез арада артка калтыруу үчүн эффективдүү дипломатияны жүргүзүп жатабыз. Биздин эмдөө программабыз жана Евробиримдикке ылайык келген сертификаттар менен биздин өлкөбүз жана башка өлкөлөрдүн ортосунда өз ара саякаттоону жеңилдетебиз»,деген сүйлөмдөргө орун берди.

Түркиянын ЕБден тышкары вакцина сертификаттарын таануу үчүн чараларды көргөн өлкөлөрдү болсо Кыран: «Албания, Болгария, Индонезия, Палестина, Марокко, Грузия, Швейцария, Жапония, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Молдова, Сербия, Украина жана Греция»,деп тизмектеди.

Евробиримдиктин санарип сертификаттар системасына киргизилгенден кийин Түркиянын Ковид-19 вакцинасынын сертификаты Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө таанылат.

Бул келишимге чейин Түркия Ковид-19 вакцинасынын сертификаттарын Евробиримдиктин мүчөсү Венгрия, Болгария жана Греция менен эки тараптуу деңгээлде тааныган болчу.



Тектеш кабарлар