Ооганстанга БУУнун жардам ундары Түркиянын темир жол поезддери менен ташылат

БУУнун координациясы менен биринчи этапта 20 миң тонна деп пландалган унду ташууну келечекте 50 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

1720761
Ооганстанга БУУнун жардам ундары Түркиянын темир жол поезддери менен ташылат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык -түлүк Программасынын алкагында, Ооганстанга ун жөнөтүү Түркия Республикасынын Мамлекеттик темир жолдору (TCDD) поезддери тарабынан жүргүзүлөт.

БУУнун координациясы менен биринчи этапта 20 миң тонна деп пландалган унду ташууну келечекте 50 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Стамбул Чаталжадан башталып, Мармарайдан өткөн поезддер Иран-Түркмөнстан трассасы боюнча кетет. Ун жөнөтүү Ооганстандын Тургунди станциясында аяктайт.

Биринчиси 14-октябрда жолго чыккан жана ушул убакка дейре үчүнчүсү жөнөтүлгөн поезддердеги ундун жалпы көлөмү 3500 тоннага жетсе, Түркия менен Ооганстандын ортосунда 4789 чакырым аралык басылып өтөт.

TCDD вагондору менен Түркиядан Ирандын Түркмөнстан чек арасына ташылган ун, темир жол линияларынын ортосундагы айырмачылыктан улам Иран-Түркмөнстан чек арасындагы Түркмөнстан темир жолунун вагондоруна өткөрүлөт.

Иран жана Түркмөнстан темир жолдору менен биргеликте бул каттам боюнча ишке ашырыла турган жүк поезддеринин үзгүлтүксүз, туруктуу жана ылдам жүрүшү камсыздалат. Ошентип, келечекте Түркия менен Ооганстандын ортосунда үзгүлтүксүз жүк ташуулар башталат.



Тектеш кабарлар