Түрк сууларына түртүлгөн мигранттар
Жээк коопсуздук командирлигинин топтору 67 мигрантты куткарды.
1719861
Измир жакындарында грек жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан түрк сууларына түртүлгөн 67 мыйзамсыз мигрант куткарылды.
Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтынан орун алган кабарга караганда, командирликке караштуу топтор Грециянын күчтөрү түрк сууларына түрткөн кайыктагы мигранттарга карата аракеттердин негизинде 13 - октябрда Дикилиге жакын жерде 21, Чешмеге жакын жерде 33, Мендереске жакын жерде 13 мыйзамсыз мигрантты куткарды.
Чет элдик 67 мигрант облустук миграция директорлугуна алып барылды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.