Талибандын делегациясы Түркияга келе жатат

Муттаки башында турган делегация Катардын борбору Дохадан учак менен Түркияга жөнөп кетти.

1719528
Талибандын делегациясы Түркияга келе жатат

Ооганстандагы Талибан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эмирхан Муттаки Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Муттаки башында турган делегация Катардын борбору Дохадан учак менен Түркияга жөнөп кетти.

Түштөн кийин Түркияга келери күтүлүп жаткан Муттаки, Түркиянын айрым жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Шейшемби күнү Дохада батыш дипломаттары менен болгон жолугушууда Муттаки: «Ооган өкмөтүн алсыратуу эч кимге пайда алып келбейт, анткени бул абалдын терс таасирлери дүйнөдө түздөн-түз коопсуздукка, экономикага жана миграцияга таасирин тийгизет»,-деп айткан эле.



Тектеш кабарлар