Сириянын түндүгүндө 16 террорист таасирсиз кылынды
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
Сирияда «Евфрат калканы» аймагында акыркы беш күндө 13, «Тынчтык булагы» аймагында 3 ПКК/ЙПГ террористти жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Терроризмди өз булагында жок кылууга чечкиндүү болгон баатыр Түрк куралдуу күчтөрү акыркы беш күндө «Евфрат калканы» аймагында 13 жана «Тынчтык булагы» аймагында 3 ПКК/ЙПГ террористин жок кылды», деген сөздөр камтылды.
Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү террордук багыттарга каршы 2016-жылдын 24-августунан 2017-жылдын 29-мартына чейин «Евфрат калканы» операциясын жана 2019-жылдын 9-октябрынан 25-ноябрына чейин «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.