Тышкы иштер министри Чавушоглу террордук кол салууларга токтолду

Мевлүт Чавушоглу Сириядагы террористтердин тазаланышы үчүн эмне керек болсо аткарышарын айтты.

1719085
Тышкы иштер министри Чавушоглу террордук кол салууларга токтолду

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириядагы террористтердин тазаланышы үчүн эмне керек болсо аткарышарын айтты. Чавушоглу борбор шаар Анкарада Никарагуанын тышкы иштер министри Денис Монкада Колиндрес менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Сириядан Түркияга карай ПКК/ЙПГ кол салууларына токтолду. Акыркы учурларда ушундай кол салуулардын боло баштагандыгын жана акыркы кол салууда Россия менен АКШнын да жоопкерчилиги бар экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Эки өлкө тең бул террористтерди кеминде 30 километр түштүк жакка алып кетишмек. Россия, Тель Рыфат жана Манбижди тазаламак. Бул убадалар аткарылган жок»,- деди.

Россия менен АКШнын убадасында турбагандыгын эске салган Чавушоглу : «Кол салууларды айыптайбыз дешет андай болсо бул куралдарды ким берип жатат, сен берип жатасың, андан кийин көрсөтмөлүккө айыптоо жарыялап жатасың. Террорсттер  бул жерде болгонуна караганда биздин да аткарышыбыз керек болгон нерсе өз киндигибизди өзүбүз кесебиз. Террористтердин тазаланышы үчүн эмне керек болсо аткарабыз»,- деди.

Өткөн аптада Сириянын Мера шаарында жикчил террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда эки полиция шейит болду.

Президент Р. Т. Эрдоган да мурунку күнү берген билдирүүсүндө бул аймактарга карата операция жүргүзүү белгисин берди.



Тектеш кабарлар