Эрдоган Африкадагы үч өлкөгө сапар жасайт

Төрт күндүк сапар жекшемби күнү башталат.

1719109
Эрдоган Африкадагы үч өлкөгө сапар жасайт

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 4 күндүк Ангола, Нигерия жана Тогого сапары 17-октябрь жекшемби күнү башталат.

Президент Эрдоган Анголага сапары учурунда кесиптеши Луренчо менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана борбор шаар Анкарада кол коюлган келишимдердин негизинде ташталган конкреттүү кадамдарга баа берилет.

Эрдоган эки өлкөнүн ишкерлери катыша турган бизнес форумга да катышат.

Мурда 2016-жылы барган Нигерияга экинчи сапарын жасай турган Эрдоган, кесиптеши Мухаммед Бухари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп Түркия-Нигерия иш форумуна катышат.

Эки тараптуу, экономикалык жана аймактык маселелер талкуулана турган жолугушуулардын жүрүшүндө, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын реалдуу потенциалын активдештирүү үчүн чаралар көрүлөт.

Сүйлөшүүлөрдө көмүр суутеги, тоо-кен жана энергетика тармагында 3 келишимге кол коюулушу максат кылынууда.

Эрдогандын Нигерияга сапарында Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүү да күн тартибинде болмокчу.

Бухари менен өткөрүлө турган жолугушууда Нигериянын ар кайсы аймактарында ишмердүүлүгүн улантып жаткан ФЕТӨ мектептерин Түркиянын Маариф Фондуна өткөрүп берүү талабы күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бирин түзөт.

Президент Эрдогандын Африкага сапарынын акыркы аялдамасы Того болот.

Түркия-Того карым-катнаштарын жакшырта турган жагдайлар талкуулана турган сапарда, эки тараптуу соода көлөмүнүн көбөйтүлүшү максатталууда.

Эрдоган 17-октябрдагы сапары менен 19 жылдык премьер-министрлик жана президенттик кызмат учурунда Африкадагы 30 башка өлкөнү кыдырган болот.



Тектеш кабарлар