Түркия Йемендеги кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1717543
Түркия Йемендеги кол салууну айыптады

Түркия Йемендин Аден губернатору Ахмед Хамед Ламластын конвоюнуна жасалган бомбалуу кол салууну айыптады жана көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Йемендин Аден облусунда бүгүн (кечээ) Адендин губернатору Ахмед Хамед Ламластын кербенине бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салуунун натыйжасында каза болгондор жана жаракат алгандардын бар экени терең кайгыга салды», деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө: «Биз бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз жана курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилеп, дос жана боордош йемен элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз», деп айтылды.

Йемендин маалымат министри Муаммар ал-Ирьяни Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө, Адендин губернатору Ахмед Хамид Ламластын конвойуна бомбалуу кол салуу болгонун, окуяда 6 кишинин каза тапканын жана 7 кишинин жараланганын кабарлаган.

Адендин губернатору Ламлас билдирүүсүндө өзүнүн абалынын жакшы экенин айткан.



Тектеш кабарлар