Түркия Пакистанда болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты

Түркия ар дайым болгондой жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

1716202
Түркия Пакистанда болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты

Түркия Пакистандын Белужистан аймагында болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө : «Пакистандын түштүгүндөгү Белужистан  аймагында болгон 5, 9 баллдык жер титирөөдө адамдардын каза болгондугу жана көп сандаган адамдын жаракат алгандыгы, үйлөрдүн зыян тарткандыгы билдирилди»,- деп маалымдалды.

Билдирүүдө Түркиянын жардам берүүгө даяр экендиги баса белгиленип : «Жер титирөөдө каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө, дос Пакистан өкмөтүнө жана боордош Пакистан калкына көңүл айтабыз. Жаракат алгандардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Түркиянын ар дайым болгондой эле бардык жардамды берүүгө даяр экендигибизди билдиребиз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар