Эрдоган: «Өткөн жылы бүткүл дүйнө кичирейип жатканда, биз өсүүгө өттүк»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын борборунда өткөн Облус башчыларынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

1716353
Эрдоган: «Өткөн жылы бүткүл дүйнө кичирейип жатканда, биз өсүүгө өттүк»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) процессинде өндүрүш дөңгөлөктөрүн эч качан токтотпой, башка өлкөлөрдөн айырмаланганын айтты.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын борборунда өткөн Облус башчыларынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

«Былтыр, бүткүл дүйнө кичирейип жатканда, биз өсүүгө өттүк. Өсүү көрсөткүчтөрү биз туура багытта баратканыбызды көрсөтүп турат»,-деп айткан Эрдоган: «Эпидемия учурунда, биз Түркия катары, өндүрүш дөңгөлөктөрүн эч качан токтотпой, башка өлкөлөрдөн айырмалана алдык. Акыркы мезгилде биз өлкөбүздө эч кандай көйгөй жаратпоо менен айырмачылыгыбызды дагы бир жолу көрсөттүк. Биз эпидемиялык мезгилди жаңы жана чоң секирикке айлантууга аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын көптөгөн шаарларындагы жаңы уюшулган өнөр жай зоналарындагы мекемелердин кубаттуулугун арттырганын айтты.

Президент Эрдоган кээ бир өлкөлөрдө болгон энергетикалык көйгөйлөргө токтолуп: «Дүйнө жүзүндө энергия баасы 2 эседен 5 эсеге чейин кымбаттап кеткен ушул мезгилде биз жарандарыбызды коргоо үчүн ар кандай и-аракеттерди аткарып жатабыз»,-деди.

«Америка Кошмо Штаттары (АКШ) баш болуп Германия жана Англия күйүүчү май боюнча банкрот абалда. Эми алар жүк ташуучу унаанын айдоочусун да таба алышпай жатат»,-деп айткан Эрдоган: «Эпидемия башталгандан бери, энергетика тармагында мамлекеттин көзөмөлүндөгү бааларды, эгер зарыл болсо субсидия берип төмөнкү деңгээлде кармап турдук жана азыр да улантып жатабыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар