Президент Эрдоган Парламенттер аралык ассамблеянын төрагасын кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Дуарте Пачеко менен жолугушту.

1715813
Президент Эрдоган Парламенттер аралык ассамблеянын төрагасын кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Парламенттер аралык ассамблеясынын төрагасы Дуарте Пачекон менен жолугушту.

Президент Эрдоган расмий сапар менен Анкарага келген Дуарте Пачекону президенттик комплексте кабыл алды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Дуарте Пачеко менен жолугушту.  Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Парламенттер Аралык Биримдиктин төрагасы Пачекону тосуп алдык. Парламенттик дипломатияга маани беребиз. Парламенттер аралык ассамблеянын  мыйзамсыз миграция тууралуу иштерин да колдойбуз»,- деп билдирди.

Адилет министри Абдулхамит Гүл да Парламенттер аралык ассамблеянын төрагасы Пачеко жана коштоосундагы делегацияны министрликте кабыл алды.

Дуарте Пачеко кечээ Түркия Улуттук Парламентинин спикери  Мустафа Шентоп менен жолугушту, андан кийин Парламенттер аралык ассамблеянын  түрк тобунун төрагасы Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясынын  Стамбул депутаты Равза Кавакжы Кан жана Парламенттер аралык ассамблеянын  түрк тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.



Тектеш кабарлар