Түркия орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу жер

Ушул жылдын 9 айында 381 миң 346 туристтин Орусиядан Стамбулга саякат кылганы белгиленди.

1714462
Түркия орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу жер

Орусиялык туристтердин Стамбулда эс алууга болгон талабы көбөйүүдө.

Орусиянын туроператорлор ассоциациясы (ATOR) күзгү туризм созонунда жабык болгон Европанын ордун Стамбулдун толтурарын жарыялады.

АТОРдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ушул жылдын 9 айында 381 миң 346 туристтин Орусиядан Стамбулга саякат кылганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Быйылкы жылдын 8 айында болсо Орусиядан Стамбулга келгендердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 78,2 пайызга өстү. Стамбул күзгү туризм созонунда жабык болгон Европанын ордун толтурат»,-деп айтылды.

АТОРдун жетекчиси Майя Ломидзе 4-сентябрда билдиргендей, Түркия быйыл орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу эс алуу жери болду.



Тектеш кабарлар