Эрдоган: «Экономикалык кыйынчылыктар көбөйгөн сайын ксенофобия менен исламофобия кеңири жайылат»

Эрдоган Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) төрагасы Көксал Кушту жана аны коштогон делегацияны Президенттиктин Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде кабыл алды.

1713860
Эрдоган: «Экономикалык кыйынчылыктар көбөйгөн сайын ксенофобия менен исламофобия кеңири жайылат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавирустан кийинки мезгилде (Ковид-19) экономикалык кыйынчылыктар көбөйгөн сайын ксенофобия менен исламофобиянын кеңири жайыла турганын айтты.

Эрдоган Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) төрагасы Көксал Кушту жана аны коштогон делегацияны Президенттиктин Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде кабыл алды.

Президент өз сөзүндө коронавирустун эпидемиясына токтолду жана нормалдашуу менен бирге эпидемия себеп болгон кыйратуу ачыкка чыга баштаганын айтты.

Англиянын май куюучу жайларынан жана базарларынан чагылдырылган көз караштардын эпидемиядан улам жеткирүү чынжырларындагы үзүлүштүн бир гана мисалы экенин белгилеген Эрдоган: «Убакыттын өтүшү менен башка өлкөлөрдө дагы ушундай көйгөйлөр болушу мүмкүн. Коронадан кийинки мезгилде экономикалык кыйынчылыктардын күчөшү менен ксенофобия менен исламофобия кеңири жайыла баштайт»,-деди.

Жек көрүү кылмыштары боюнча статистиканын Исламга жана түрктөргө каршы кастыктын чоң өлчөмдөрүн көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган: «Биздин мамлекет, албетте, жарандарыбыздын тынчтыгына, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына түздөн-түз коркунуч туудурган бул маселени тиешелүү бөлүмдөрү менен байкоону улантат»,-деди.

Маданий расизмдин түрктөрдү гана эмес, Европанын бардык чет өлкөлүктөрүнө жана иммигранттарына терс таасирин тийгизген универсалдуу көйгөй экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биздин бейөкмөт уюмдардын демилге көтөрүп, маселени колго алышы башка мусулман жана иммигрант жамааттар менен кызматташтыгыбызды дагы бекемдейт. Эл аралык демократиялык биримдиктин бул маселени күн тартибине дагы көбүрөөк коюу менен ишин активдештирүүсүнөн, бул жагынан алганда чоң пайдасы болоорун көрүүдөмүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар